Камчыбек Ташиев грек жаңгагын кыргыз жаңгагы деп атоого чакырды

УКМК башчысы жаңгак дүйнө жүзүнө кыргыздардан тараганын белгиледи.
“Бизде өскөн жаңгактан тарап отуруп грек, түрк, испан, венгер жаңгагы деп аталды. Бирок чынында жаңгак бизден тараган, кыргыз жаңгагы. Мындан ары грек жаңгагы дебестен кыргыз жаңгагы деп аташыбыз керек. Айрыкча жергиликтүү бийлик органдары, губернатор, аким, ӨКМ, токой чарбалары мындан ары муну кыргыз жаңгагы деп айтышы керек. Ошондо тарыхка кайтып келебиз. Кыргыздар өзүбүздү көтөрө албайбыз. Гректики болсо эле жакшы экен деп ойлойбуз, жок, алар бизден алып барышкан”, — деди Ташиев.
Жалал-Абаддагы Арсланбап жаңгак токою 608 миң гектарды ээлейт. Арасында миң жылдык бактар да бар. Уламыштарда Александр Македонский Арсланбап токоюнан мекенине алып кеткен жаңгак дүйнөгө тарап, грек жаңгагы деп аталып калганы айтылат.
@abal-kg



