Коом

Францияда эки кыргызстандык баңгизат менен кармалды

Францияда эки кыргызстандык жүк ташуучу унаанын айдоочусу маңзат ташып жүргөн жеринен кармалды.

Бул тууралуу Кыргызстандын элчиси Садык Шер-Нияз билдирди.

Анын айтымында, көйгөй Литвадагы Кыргызстандын жарандарын тыюу салынган заттарды ташуу үчүн жалдаган кылмыштуу топторго байланыштуу. Дипломат жарандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйында ошондой эле Кыргызстандын Франциядагы элчилигинин 2022-2024-жылдар аралыгындагы ишмердүүлүгү тууралуу отчету бекитилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button