Коом
24-июлга карата аба ырайы

Бейшембиде күндүз өлкөнүн айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 32…37, Талас аймагында 31…36, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 34…39, Ысык-Көл менен Нарын өрөөндөрүндө 27…32 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада 35…37, Ош шаарында 37…39 градуска көтөрүлөт.



