Коом

УКМК: Ош аскер комиссариатынын кызматкери – опузалап пара талап кылгандыгы үчүн кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдирди.

2025-жылдын 21-августунда пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР УКМК Ош гарнизонунун Аскердик прокуратурасы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иштердин натыйжасында Ош аскер комиссариатынын кызматкери «Ш.А.П.» айфон уюлдук телефонун пара катары алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган Аскер комиссариатынын кызматкери альтернативдик аскер кызматын өтөө боюнча оңдуу чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүсү үчүн уюлдук телефонду пара катары талап кылган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Аскер комиссариатынын кызматкери «Ш.А.П.»га карата КР КЖК 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн, 4-пунктунун (кызматтык абалын пайдалануу менен алдамчылык жасоо) негизинде  айып тагылып, андан соң ал КР КЖК 96-97-беренелерине ылайык кармалып, Ош гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди. 

Тектеш кабарлар

Back to top button