Коом
27-январга карата аба ырайы

Бүгүн күндүз тоолуу райондорда кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы:
Чүйдө +2…+7,
Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +1…+6,
Ысык-Көлдө -1…+4 градуска чейин жылыса,
Нарын өрөөнүндө -4…-9 градус суук болору айтылды.
Күндүн табы борбор калаада +5…+7 градуска чейин көтөрүлсө,
Ош шаарында +1…+6 градус жылуу болот.



