Саясат
Тажикстандын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келди

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жумушчу сапары менен Кыргызстанга келди.
«Манас» эл аралык аэропортунда аны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода сапарынын алкагында Бишкек шаарында өтө турган кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышат. Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт башчылары борбор калаадагы инфраструктуралык ишканаларга барышат.



