Коом

Ошто жарамазан айткан жеткинчектерге рейд жүрүүдө

Ош шаарынын коомдук жайларында жана көчөлөрүндө жол кыймылына тоскоолдук жаратып, Орозо айында жарамазан айтып жүргөн балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында рейддер жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө түнкүсүн көчөдө жүргөн балдарга жана алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилүүдө.

Рейд 28-февралдан 3-мартка чейин улантылып, шаардын бардык аймагы текшерүүгө алынат.

Ош шаарынын мэриясы тургундарды кечкисин балдарынын көчөгө чыгуусун көзөмөлдөп, алардын коопсуздугун камсыз кылууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button