ТИМ жарандарга Афганистан жана Пакистан өлкөлөрүнө барбай турууну сунуштады

Кыргызстандын жарандарына Афганистан жана Пакистан өлкөлөрүнө баруудан кырдаал турукташканга чейин кармануу сунушталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда Пакистандын аба мейкиндиги ачык жана авиакаттамдар кадимки режимде аткарылууда. Ошондуктан мекенине кайтууга муктаж болгон Кыргызстандын жарандары коопсуздук чараларын сактоо менен өлкөдөн өз алдынча чыгып кете алышат.
Бул мамлекеттерде жүргөн жарандарга өзгөчө сак болуу, адамдар көп чогулган жерлерден жана кооптуу аймактардан алыс болуу, ошондой эле жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын коопсуздук талаптарын так сактоо сунушталат. Мындан тышкары, ар дайым өздүгүн тастыктаган документтерди жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн байланыш маалыматтарын жанында алып жүрүү, расмий маалыматтарды көзөмөлдөп туруу зарыл.
Өзгөчө кырдаал жаралган учурда же жардам керек болсо, жарандар төмөнкү байланыштар аркылуу Кыргызстандын элчиликтерине кайрыла алышат:
Пакистандагы элчилик: +92 333 5556343; +92 333 5209903
Афганистандагы элчилик: +93 77 9099326; WhatsApp: +93 77 6544504
ТИМдин Консулдук департаментинин 24 сааттык номери: +996 999 312002, email: [email protected]
Эске салсак, 16-мартта Талибан кыймылы Пакистан тарабынан Кабул шаарына жасалган аба соккусунун натыйжасында ооруканалардын биринде кеминде 400 адам каза болгонун билдирген. Өз кезегинде расмий Исламабад бул айыптоолорду четке кагып, соккунун буталары аскердик объектилер, ошондой эле террористтерди колдогон инфраструктура болгонун билдирген.



