Коом

Бишкекте Россиянын мыкты хирургу боорду алмаштыруу операциясын жасады

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Россия Федерациясынын башкы трансплантологу, Россия илимдер академиясынын академиги Сергей Готье менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров демилгелегендей, трансплантологияны өнүктүрүү саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталганы белгиленди. Акыркы жылдары керектүү нормативдик-укуктук база түзүлүп, заманбап медициналык технологияларды этап-этабы менен киргизүүгө шарттар камсыздалганы айтылды.

Трансплантология тармагында эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. 2024-жылдын 24-июлунда түзүлгөн келишимдин негизинде Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору менен Академик Валерий Шумаков атындагы Трансплантология жана жасалма органдар улуттук медициналык изилдөө борбору ортосундагы кызматташтык практикалык жыйынтыктарды берип жатканы белгиленди.

Кызматташуунун алкагында Кыргызстандан 20 медициналык адис трансплантация багыттары боюнча стажировкадан өтүштү. Тараптар бул программа боюнча адистердин санын көбөйтүү маселесин карап жатышат.

2023-жылдан тарта Кыргызстанда органдарды трансплантациялоо боюнча программа иштеп келет, ал республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланууда.

Сергей Готье — трансплантология тармагындагы дүйнөдөгү алдыңкы эксперттердин бири. Ал органдарды көчүрүп отургузуу операцияларын жүргүзүүдө чоң практикалык тажрыйбага ээ.

Анын жетекчилиги астында Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору базасында боордун бөлүгүн ийгиликтүү трансплантациялоо операциясы жасалган.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар трансплантология тармагындагы кызматташууну мындан ары да тереңдетүү тууралуу макулдашышты.

Тектеш кабарлар

Back to top button