Пайдалуу кеңештер

Зайтун жүрөккө пайдалуу

Бул тууралуу америкалык кардиолог Бретт А. Силав Марта Стюарттын порталына берген маегинде билдирген.

Дарыгер зайтунду тамак-ашка кошууну сунуштайт, анткени анын курамындагы майлар, өзгөчө олеин кислотасы холестериндин деңгээлин жөнгө салууга жардам берет: «жаман» холестеринди (ЛПНП) азайтып, «жакшы» холестеринди (ЛПВП) көбөйтөт.

Ошондой эле олеин кислотасы организмдеги коркунучтуу сезгенүүнүн (воспаление) пайда болуу тобокелдигин төмөндөтөт. Бул сезгенүү кан тамырларда холестерин бляшкаларынын топтолушуна алып келип, алардын ийкемдүүлүгүн азайтып, кан басымды көтөрүп, жүрөк ооруларын күчөтүшү мүмкүн.

Кардиолог зайтунда жүрөк үчүн пайдалуу башка да заттар бар экенин белгиледи. Аларга клетчатка жана антиоксиданттар кирет. Мындан тышкары, зайтунда темир бар — ал кызыл кан клеткаларынын туруктуу иштешин камсыз кылат, ал эми жез жүрөктүн ден соолугун жана иммунитетти колдойт.

Тектеш кабарлар

Back to top button