Коом

Айгуль Жапарова «Акылман» лицейинин “Акыркы коңгуроо” аземине катышты

Биринчи айым Айгуль Жапарова Чолпон-Ата шаарындагы Президенттик «Акылман» лицейинин “Акыркы коңгуроо” аземине катышты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Куттуктоо сөзүндө Айгуль Жапарова аталган лицейде Кыргызстандын жети облусунан келген эң мыкты жана таланттуу окуучулар билим алып жатканын белгиледи.

«Кайсы гана тарыхый мезгилге кайрылбайлы, коомдун өнүгүшү ар дайым тарбия жана билим менен шартталып келгени, ал эми чоң ийгиликтер эң оболу билимдин аркасында жетишкени айкын», — деди Айгуль Жапарова.

Ошондой эле биринчи айым бүтүрүүчүлөргө алдыга койгон бийик максаттарына жетип, турмушта мындан аркы ийгиликтерди багындыруусун каалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button