Коом

Суусамыр өрөөнүндө кезектеги экологиялык рейд өткөрүлдү

Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндө кезектеги экологиялык рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык,текшерүүнүн жүрүшүндө экологиялык мыйзамдарды бузган бир нече учурлар аныкталды.

Алсак, балык уулоонун эрежелерин бузган жарандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде 2 протокол түзүлдү. Ошондой эле жаратылышка чоң зыян келтирген синтетикалык тор менен балык кармоо фактысы боюнча 1 протокол түзүлүп, күнөөлүүлөргө айып пул салынды.

Мындан тышкары, рейд учурунда инспекторлор жергиликтүү тургундарга жана малчыларга жайыттарды коргоо боюнча маанилүү эскертүүлөрдү беришти. Жайыттардын кыртышын бузбоо максатында чөптөрдү унаа, трактор, мотоцикл жана башка транспорт каражаттары менен тебелөөгө катуу чектөө киргизилгендиги түшүндүрүлдү.

Тектеш кабарлар

Back to top button