Коом
Бишкектин бир бөлүгүндө үч күнгө жаратылыш газы өчүрүлөт

24-июндан 26-июнга чейин Бишкек шаарынын айрым аймактарында жаратылыш газы убактылуу берилбейт.
Бул төмөнкү басымдагы жер алдындагы газ түтүктөрүндө оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу экенин «Бишкекгаз» билдирди.
Көгүлтүр отун төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта өчүрүлөт:
Лущихин көчөсү;
Алыкулов көчөсү;
Өмүракунов көчөсү;
Кун көчөсү.
«Бишкекгаз» жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарды убактылуу альтернативдүү энергия булактарын колдонууга чакырды.



