Бишкектеги медреседе уулануу. Окуу жайдын жетекчиси айып пул төлөдү

Бишкекте тарбиялануучулар массалык түрдө ууланган медресенин жетекчиси жалпы суммасы 41 миң сом болгон айып пулду төлөдү. Бул тууралуу шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору билдирди.
Маалым болгондой, массалык тамак-аштан уулануу фактысы 18-июнда катталган. Бир нече күндүн ичинде Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына (РКЖОО) 58 адам кайрылып, алардын 23ү ооруканага жаткырылган, калгандары амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Мындан тышкары, дагы алты адам №9 Үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылып, аларга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Санэпидкөзөмөл борборунун маалыматына ылайык, учурда уулангандардын баары ооруканадан чыгарылган. Медресе алардын көрсөтмөсүнүн негизинде убактылуу жабылып, имаратта оңдоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле жаңы ашкана жабдуулары сатып алынып, ашканада иштеген кызматкерлердин курамын жаңылоо пландалууда.
Окуядан кийин адистер ашканадагы жабдуулардан, идиш-аяктардан ичеги таякчасынын бактерияларын аныктоо үчүн үлгүлөрдү алып, азык-түлүктөрдү лабораториялык текшерүүгө жөнөтүшкөн. Тамак даярдоого катышкан 10 кызматкер ичеги инфекциялары жана стафилококкка текшерүүдөн өткөрүлгөн.
Учурда уулануунун акыркы жана так себеби али аныктала элек.



