Коом

Бишкек мэриясы автобустарда жүрүүнүн жаңы тартибин жарыялады

Бишкек мэриясы бүгүн, 1-июлдан тарта борбор калаадагы автобустарда жүрүүнүн жаңы тартибин жарыялады.

Маалыматка ылайык, эми бишкектиктер коомдук транспорттогу жол кирени «Тулпар», Visa, Mastercard, Элкарт карталары, QR-код жана башка электрондук төлөм кызматтары аркылуу төлөй алышат. Ушуну менен накталай төлөм жоюлат.

«Тулпар» картасы жоктор Pay24 терминалынан бир жолку электрондук билет сатып алып, андагы QR-кодду автобустагы валидаторго тийгизип төлөй алышат.

Ошондой эле биринчи төлөмдөн кийин 60 мүнөт ичинде автобусту төрт жолу акысыз алмаштырсаңыз болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button