«Бала ырысы» жөлөк пулуна арыз кабыл алуу башталды

2026-жылдын 1-июлунан тартып үч жашка чейинки балдар үчүн ай сайын берилүүчү мамлекеттик «Бала ырысы» жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, кабыл алуу башталган алгачкы сааттарда эле 700дөн 10 миңге чейин арыз түшкөн.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан калкынын 38 пайызын балдар түзөт. Ал эми үч жашка чейинки балдардын саны 440 миңден 470 миңге чейин жетет.
Жөлөк пул алуу үчүн арызды мобилдик тиркеме аркылуу же министрликтин аймактык башкармалыктарына барып тапшырса болот. Июль айында кайрылган жарандарга жөлөк пул август айынан тартып төлөнө баштайт.
Төлөмдөр «Элдик Банк» жана «А Банк» аркылуу жүргүзүлөт.
«Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» мыйзамга ылайык, үч жашка чейинки ар бир балага ай сайын 1 200 сом өлчөмүндө жөлөк пул дайындалат.
Жөлөк пулду алуу үчүн ата-эне же мыйзамдуу өкүлү белгиленген үлгүдөгү арызды, паспортун, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана талап кылынган башка документтерди тапшырышы керек.



