Коом
Кыргызстан күйүүчү май алуу үчүн алты өлкө менен сүйлөшүү жүргүзүүдө

Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май алуу маселеси боюнча Россия, Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен сүйлөшүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
«Ички өндүрүштү көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Президенттин атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев «Жунда» мунай иштетүү заводун кыдырып, бензин жана башка мунай продуктуларын өндүрүүнү көбөйтүү тапшырмасын берди», — деп билдирди министрлик.
Мындан тышкары, күйүүчү май жеткирүүчүлөр менен үзгүлтүксүз жолугушуулар өтүп, анда жеткирүү, баа, логистика жана запастарды түзүү маселелери талкууланып жатат.



