Коом

Чүйдөгү Ак-Суу капчыгайына ири курорт салынат

Чүй облусундагы Ак-Суу капчыгайына ири курорт куруу пландалууда. Бул тууралууу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу капчыгайына 200 орундуу ден соолукту чыңдоочу курорттук комплекстин эскиздик долбоору даярдалды. Анда үч мейманкана, төрт апарт-отель, тогуз коттедж, конок үйлөр, спорттук комплекс, альпинизм борбору, балдар борбору жана спа-борборун куруу каралган.

Демилгенин максаты — аймактын туристтик мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, инвестиция тартуу жана эс алуунун заманбап инфраструктурасын өнүктүрүү.

Тектеш кабарлар

Back to top button