Коом

Касымалиев: 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында ИДПнын өсүшү 11,9% болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Анын айтымында, алдын ала эсептөөлөр боюнча 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 960 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 11,9% болду.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасында ИДПнын өсүү темпи боюнча биринчи орунду ээледи. Экономиканын бардык тармактары өсүшкө салым кошту.

Курулуш тармагы 69,6%, кызмат көрсөтүү тармагы 6%, айыл чарбасы 4,3%, өнөр жай 12,8% өстү.

Өнөр жайда эң жогорку өсүш төмөнкү тармактарда катталды:

химиялык продукция өндүрүү – 2,9 эсеге; фармацевтикалык продукция – 1,8 эсеге;

транспорт каражаттарын өндүрүү – 40,7%;

курулуш материалдары – 33,4%;

негизги металлдар – 11,9%;

тамак-аш азыктары – 8,2%;

пайдалуу кендерди казып алуу – 12,8%.

Касымалиев бул көрсөткүчтөр өлкө экономикасынын оң өнүгүп жатканын белгиледи.

Жыл башынан бери негизги капиталга инвестициялар да жогорку темп менен өсүп, көлөмү 204,4 млрд сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 64,3% көп. Өсүш ички каржылоо булактарынын 1,5 эсеге, ал эми тышкы каржылоо булактарынын 3,2 эсеге көбөйүшү менен камсыздалды.2026-жылдын январь–июнь айларында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 454 млрд 251,8 млн сомду түзүп, пландан 22 млрд 652,7 млн сомго көп түштү. План 105,3% аткарылды.

Мамлекеттик салык кызматынын кирешеси 191 млрд 620 млн сомду түзүп, план 104% аткарылды. Мамлекеттик бажы кызматы 87 млрд 380,4 млн сом чогултуп, планды 105,3% аткарды.

Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев жетишилген жогорку өсүш темпин мындан ары да сактап калуу зарылдыгын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button