Абактарда жүздөгөн соттолгондор тизилип «Манас» деген сөздү түзүштү

Кыргызстандын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан жарандардын арасында «Урааным — Манас» аттуу республикалык кароо-сынагы башталды.
Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара Кыргыз улуттук «Манас» театры менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан биргелешип уюштурулууда.
Сынактын жыйынтыгында «Манас» эпосун эң көркөм, мазмундуу жана жогорку деңгээлде аткарган түзөтүү мекемелери байгелүү орундар менен сыйланат.
Айрым абактар өзгөчө даярдыгы менен айырмаланды. Алардын биринде жүздөгөн соттолгон адам «Манас» деген сөздү түзүп, эпостон үзүндүнү бир добуштан аткарышты.
Кароо-сынак өлкөдөгү бардык түзөтүү мекемелеринде бир нече этап менен өтөт. Биринчи этапта катышуучулар «Манас» ураанын жамааттык түрдө аткарса, экинчи этапта эпостон үзүндүлөрдү топ болуп аткарышат. Калыстар тобу аткаруучулук чеберчиликти, жамааттын биримдигин, көркөм деңгээлин жана улуттук духтун чагылдырылышын баалайт.



