ИИМ: Кыргызстан жана Түркиянын ички иштер министрлери кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков Түркиядагы иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Ички иштер министри Мустафа Чифтчи мырза менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана укук тартибин чыңдоо маселелери талкууланды.
Өзгөчө көңүл трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, киберкылмыштуулукка жана экстремизмге каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө бурулду. Ошондой эле ыкчам маалымат алмашуу жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелери каралды.
Мындан тышкары, алдыңкы тажрыйба алмашуу жана заманбап технологияларды ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө киргизүү маселелери талкууланды.
Жолугушууда эки өлкөнүн аймагында жүргөн жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана миграциялык маселелер боюнча ыкчам байланышты күчөтүү маселелери да көтөрүлдү.
Тараптар эки өлкөнүн ички иштер органдарынын ортосундагы түз жана ыкчам кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.



