Коом

31-август жана 1-сентябрдагы эс алуу күндөрү

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги майрамдык жана кошумча эс алуу күндөрүндө иштөө тартибин түшүндүрдү.

31-август — Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү — мыйзам боюнча иш эмес майрам күнү болуп саналат.

Бул күнү кызматкерлерди ишке тартууга алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу жана уюмдагы кызматкерлердин өкүлчүлүк органынын макулдугу менен гана жол берилет.

Бирок ишин токтотууга мүмкүн болбогон тармактарда, анын ичинде үзгүлтүксүз өндүрүштө, калкты тейлөөдө, ошондой эле шашылыш оңдоо жана жүктөө-түшүрүү иштеринде кызматкерлерди ишке тартууга уруксат берилет.

31-августта иштеген кызматкерге компенсация тараптардын макулдашуусу боюнча төмөнкү жолдордун бири менен берилет:

башка эс алуу күнүн берүү;

бул күндү эмгек өргүүсүнө кошуу;

эмгек акыны кеминде эки эселенген өлчөмдө төлөө.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы №479 токтомуна ылайык, 1-сентябрь Бишкек шаарында жайгашкан бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн эс алуу күнү деп жарыяланган. Бул күнү орточо күндүк эмгек акы сакталат.

Ал эми жеке менчик уюмдар үчүн 1-сентябрды эс алуу күнү катары берүү сунуштама мүнөзүндө болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button