Коом

Экономика министрлиги бардык эл аралык гранттарды инвентаризациялоодон өткөрүүдө

Кыргызстандын Экономика министрлиги эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын алкагында ишке ашырылып жаткан жана аяктаган бардык долбоорлорду инвентаризациялоону жүргүзүүдө.

Министрликтин маалыматына караганда, бул тартылган каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Чет элдик өнөктөштөр менен болгон жолугушууда министрдин орун басары Медербек Туманов мындай долбоорлор боюнча бирдиктүү маалымат базасы түзүлүп, алардын ишке ашырылышынын жыйынтыктары бааланып жатканын билдирди.

Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бул демилгени колдоп, маалымат алмашууну активдештирүүгө макулдашышты. Тараптар ошондой эле эл аралык жардамдын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында биргелешкен программаларды координациялоо боюнча ыкмаларды кайра карап чыгууну пландашууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button