Коом

Мектепке чейинки билим берүү материалдары талдоодон өткөрүлдү

Кыргызстандын Билим берүү министрлигинде мектепке чейинки билим берүүгө арналган материалдарга жүргүзүлгөн функционалдык талдоонун жыйынтыктары тааныштырылды.

Министрликтин маалыматына караганда, талдоо SMART-ED ISDB/ISFD/GPE долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн. Долбоор Билим берүү министрлиги тарабынан Ислам өнүктүрүү банкынын, Билим берүү жаатындагы глобалдык өнөктөштүктүн жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен 2025–2029-жылдары ишке ашырылууда.

Талдоонун жүрүшүндө колдонулуп жаткан материалдар бирдиктүү реестрге топтолуп, алардын артыкчылыктары аныкталып, кемчиликтери белгиленди.

Изилдөөнүн жыйынтыгында 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар, тарбиячылар жана ата-энелер үчүн компетенттүүлүккө багытталган 300 инновациялык материалды иштеп чыгуу боюнча сунуштар даярдалды.

Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымованын айтымында, жаңы материалдар басма түрүндө гана эмес, санариптик, аудио жана видео форматтарда да сунушталат. Алар ата-энелерге жана педагогдорго балдардын практикалык көндүмдөрүн эрте жашынан өнүктүрүүгө жардам берет.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button