Коом

Стоматолог ооздон чыккан жагымсыз жыттын негизги себептеринин бирин атады

Стоматолог Патрисия Кабо ооз көңдөйүнүн туура гигиенасы тишти щетка менен бир нече ирет тазалоо менен эле чектелбей турганын айтты. Бул тууралуу El Confidencial басылмасы жазды.

Адистин айтымында, тиш тазалоодо кетирилген негизги каталардын бири — тилдин гигиенасына көңүл бурбоо.

Дарыгер жагымсыз жыттын пайда болушуна тилдин бетинде топтолгон бактериялар себеп болорун белгиледи.Тилди тазалабаса, ооз көңдөйүнүн башка бөлүктөрү талаптагыдай тазаланган күндө да, анын бетинде патогендер топтоло бериши мүмкүн.

Кабо тилди тазалоону да тиш тазалагандай эле күн сайын жүргүзүүнү сунуштады. Айрыкча оозунан жагымсыз жыт чыккан адамдар үчүн бул процедурага өзгөчө көңүл буруу керектигин эскертти.

Тектеш кабарлар

Back to top button