Bishkek Arenaнын ачылышына балдар үйүнүн тарбиялануучуларына 100 VIP-билет бөлүндү

Bishkek Arenaнын 5-октябрдагы расмий ачылышына жетим балдарга жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө 100 VIP-билет бөлүндү. Бул тууралуу «Жетим балдардын укуктарын коргоо» коомдук фондунун жетекчиси Игорь Беляев билдирди.
Президенттин Иш башкармалыгы маалыматты ырастап, билеттер президент Садыр Жапаровдун атынан берилгенин маалымдады.
Мындан тышкары, 106 жана 108-секторлор мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн каралган. Ал эми 138, 139 жана 140-секторлордогу орундардын бир бөлүгү белгилүү спортчуларга жана футболчуларга берилет. Калган орундар Bishkek Arenaнин расмий баракчасы аркылуу жарандар арасында ойнотулат.
Беляевдин айтымында, бул балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жана бүтүрүүчүлөрү үчүн чоң иш-чарага катышып, жакшы эмоцияларды алуу мүмкүнчүлүгү.



