Коом

Мамлекеттик бажы кызматы жаңы алдамчылык схемалары тууралуу эскертти

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы жарандарды жаңы алдамчылык схемаларынан сак болууга чакырды.

Ведомствонун маалыматына караганда, жасалма интеллект технологияларынын жардамы менен даярдалган видеоматериалдар тарай баштаган. Анда тиричилик жана электрондук техникалар бажы кампаларынан сатылып жатканы тууралуу жалган маалыматтар айтылууда.

Бажы кызматы бул маалымат чындыкка дал келбей турганын белгиледи. Бажы органдары товар сатуу менен алектенбейт.

Алдамчылар социалдык тармактарда жана WhatsApp, Telegram сыяктуу мессенджерлерде Бажы кызматынын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин сүрөттөрүн, аты-жөнүн жана кызмат орундарын колдонуп, жасалма аккаунттарды түзүшүүдө. Алардын атынан жарандардын ишенимине кирип, акча которууга же мыйзамсыз талаптарды аткарууга түрткөн жалган билдирүүлөр жана жарыялар таратылууда.

Бажы кызматы жарандарды сак болууга, шектүү аккаунттарга, каналдарга жана топторго ишенбөөгө, жеке жана банктык маалыматтарын бербөөгө жана маалыматтарды расмий булактар аркылуу гана текшерүүгө чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button