Коом

Кыргызстанда алимент өндүрүү боюнча иштердин 60 пайыздан ашыгы аткарылбай калууда

Кыргызстанда алимент өндүрүү боюнча иштердин 60 пайыздан ашыгы аткарылбай калууда. Ал эми иштердин болжол менен 10 пайызы боюнча гана иш жүзүндө төлөмдөр жүргүзүлөт. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун 2025-жылдагы адам укуктарынын жана эркиндиктеринин абалы жөнүндө жылдык баяндамасында айтылат.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын маалыматына ылайык, алимент өндүрүү маселеси боюнча кайрылуулардын саны бир жыл ичинде дээрлик эки эсеге көбөйүп, 2025-жылы 56га жеткен.

Анын айтымында, сот чечимдеринин натыйжалуу аткарылбай жатышынын негизги себептеринин арасында карызкорлордун расмий кирешелерин жана мүлкүн жашыруусу, ошондой эле сот аткаруучуларына түшкөн жүктөмдүн көптүгү бар. Алимент төлөөдөн качкан адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу да жетиштүү натыйжа бербей жатат.

«Бул көйгөй балдардын татыктуу жашоо деңгээлине болгон укугуна түздөн-түз таасирин тийгизет. Мониторингдин жүрүшүндө балдар иштери боюнча комиссиялардын ишинде да кемчиликтер аныкталды. Тактап айтканда, балдарды негизсиз башка мектептерге которуу, ата-энелеринен ажыратуу жана балдарды коргоо боюнча жекече пландарды формалдуу түрдө аткаруу учурлары катталды», — деп белгиледи ал.

Акыйкатчы институту жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратурага чара көрүү актысы жөнөтүлгөн. Анын негизинде 61 текшерүү жүргүзүлүп, 91 мыйзам бузуу аныкталган. 54 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылып, бир кылмыш иши козголгон.

Өзүнчө каралган учурлардын бири Бишкек шаарындагы № 10 мектепке байланыштуу болгон. Мониторингдин жыйынтыгында балдар иштери боюнча комиссия 65 окуучуну негизсиз башка мектептерге которгону аныкталган. Мунун айынан мектептеги окуу процесси дээрлик токтоп калган.

Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин билим берүү тармагындагы жооптуу жетекчилер кызматтан бошотулуп же тартиптик жоопкерчиликке тартылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button