Президент Мамлекеттик цирктин жаңы директоруна мекеменин ишин жөнгө салууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров 13-октябрда Кыргыз мамлекеттик А. Изибаев атындагы циркинин жаңы дайындалган директору Нурлан Конокбаевди кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар мекеменин учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
Мамлекет башчысы 2023-жылы Мамлекеттик циркке өзү барып, аны капиталдык оңдоодон өткөрүү тапшырмасын бергенин эске салды. Мамлекеттик колдоонун аркасында циркти жаңылоого, артисттердин чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө жана балдар менен чоңдордун маданий эс алуусун сапаттуу уюштурууга шарттар түзүлгөн.
Ошол эле учурда Садыр Жапаров көрүлгөн чараларга карабастан, узакка созулган ички пикир келишпестиктер мекеменин толук кандуу иштешине тоскоол болгонун белгиледи.
Президент Мамлекеттик цирк ички чыр-чатактардын эмес, чыгармачылыктын, артисттердин кесиптик өнүгүүсүнүн жана үй-бүлөлүк эс алуунун жайына айланышы керектигин баса белгиледи.
Ушуга байланыштуу мекемеге сырттан жетекчи тартуу чечими кабыл алынган. Цирктин директору болуп Нурлан Конокбаев дайындалды. Ал Казакстандын жараны, Кыргызстандын туулмасы жана Кыргыз улуттук консерваториясынын «режиссёр-хореограф» адистигинин бүтүрүүчүсү. Ошондой эле чыгармачылык тармакта эл аралык кесиптик тажрыйбага ээ.
Садыр Жапаров жаңы жетекчиге колдоо көрсөтүп, кыска мөөнөттө жамаатта жагымдуу атмосфераны калыбына келтирүүнү, эмгек тартибин чыңдоону жана мекеменин натыйжалуу ишин жолго коюуну тапшырды.
Ошондой эле чет өлкөлүк цирк жамааттарын тартууга жана жанрлар менен номерлердин түрдүүлүгүн көбөйтүү аркылуу көрсөтүүлөрдүн программасын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.



