Коом

Мессенжер, WhatsApp аркылуу жалган маалымат тараткандар жоопко тартылат

Акыркы кездерде социалдык желелерге, мессенджер, WhatsApp аркылуу ар кандай провокациялуу маалыматтар, видеолору менен тарап атканы маалым.

КР ИИМ мындай такталбаган жалган маалыматтарга ишенбөөгө элди чакырат.
Эгерде кимде-ким, башка эле видеону алып, ал жерге жалган маалыматты айтып, социалдык желелерге же телефон аркылуу тарата турган болсо КР КЖКнын 344-беренеси менен жоопко тартылат. Кандайдыр бир кылмышка шектүү окуялар баяндалган видеолор келсе 102 телефонуна чалып, маалымдаса болот.

Эскерте кетсек, кечээ Чүй облусундагы эки кызды уурдоо фактысы боюнча да  WhatsApp жана мессенжер, социалдык желелер аркылуу такталбаган, туура эмес маалыматтар тараган. Ага чейин Кум-Төрдө жоголгон жарандарды издөө иштери жүрүп жаткан видеого ыйлап аткан аялдарды көргөзүп, башка эле жалган маалыматты, окуяны бурмалап таратышкан эле.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button