Коом

Коронавирус. «Дордой» базарында абал кандай? Сатуучулардын жообу

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салып, кооптондурган коронавирус коңшу Казакстанга жеткенден бери Кыргызстандын эли да кооптонуп турган кез. Буга чейин кооптонгон эл азык-түлүктөрдү  дүңүнөн акырындап ала баштаса, кечээтен бери бул көрүнүш көбөйгөнү айтылат.

Ал эми Кыргызстандагы ири базарлардын бири Дордой базарында абал кандай?

“Дордой” базарынын учурдагы абалы тууралуу сатуучулардын, ишкерлердин пикирин билдик.

Кымбат Молдокулова “Дордой” базарында бир топ жылдан бери соода сатык иштери менен алектенет. Жеке ишкер. Кыргызстанда кийим тигүүчү цехи бар. Ал товарлардын дээрлик көпчүлүгүн Россияга жөнөтүп турчу.

-«Дордойдо абал начар, соода жок, биздин товарларыбыз негизинен Россия менен Казакстанга  сатылат. Февраль айынын ортосунда салган товарларыбыз азыркыга чейин  КаМАЗдарда жүктөлүп, чек арада турат. Кийим тигүүчү цехте жумуш кадимкидей солгундап калды. Биздин цехте иштеген кыздарды жумушу жок калтырбаш үчүн жөн эле складдарда иштеп жатабыз. Тилекке каршы жумушчуларга  убагында айлык-маянаны бере албай калып жатабыз. Биз тигиле турган кийимдин кездемелерин, фурнитураларды долларга алчубуз, азыр доллар да көтөрүлүп, рублдин баасы түшүп кетти. Кыскасын айтканда соода жасагандарга жана ата-мекендик өндүрүшкө коронавирус терс таасирин тийгизип жатат,”- дейт Кымбат айым.

Ал эми «Дордой» базарындагы Кытайдан келген товарлардын  өтө кымбаттаганы жана тартыштыгы азырынча байкала элек экенин сатуучулар айтышты.

“Кытайдан мурдагыдай товарлар келбей, чек ара жабылгандан бери токтоп калды, бирок азырынча складдагы товарлар жетиштүү, анча-мынча гана кымбаттады. Өтө кымбаттаган жок,”-дейт үй тиричилигин саткан сатуучу Муктар мырза.

Эскерте кетсек, дүйнөгө тараган коронавирустан улам Кыргызстан бир топ мамлекеттерге чектөө киргизгендиктен Кыргыз Өкмөтү бул ата-мекендик өндүрүшкө зыян алып келиши мүмкүн, бирок элдин саламаттыгы биринчи орунда болушу керек деген  билдирүү жасаган.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button