ИИМдин ичинде интригага себеп жок. Өмүрзаков карантинде эмес. Министрликтин жообу

Өзгөчө абал киргизилген күндөн бери С.Өмүрзаков Ош жана Жалал-Абад областарында коомдук тартипти сактоо багытында комплекстүү иш-чараларды көзөмөлдөп келет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы мезгилдерде айрым кыргыз тилдүү сайттарда милициянын ички ишине кийлигишип, жөнү жок каралоо жана бир беткей сындоону өнөкөт кылып алган маалыматтар пайда болду. Бүткүл эл, милиция кызматы, мамлекеттик башка органдар учурдагы абалдан чыгуунун жолдорун карап чечип келүүдө.

Коомдук тартипти сактоо багытында комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүп өлкө аймагы боюнча жүрүүдө. Асылуунун чеги да болуш керек. Колумда калемим бар деп эле, алдымда сайтым бар эле деп атайылап буюртма макалаларды жаза берсе болобу? Жазылган маалыматтардын эмне максаты бар экендигин, аркасында кимдер тураарын билбейт дейсиздерби.

Урматтуу досторум, жеке кызыкчылыктан мамлекеттик кызыкчылык жогору турганда ушак айыңдардан алыс болсок деген тилегибиз бар, суранычыбыз бар, өтүнүчүбүз бар. Өлкөбүз боюнча өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген убактан баштап ички иштер министрлигинин бүткүл өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүүдө.

Санитардык карантиндик эпидемиологиялык посттордо, блок порсттордо, обсервациялык борборлордо, жөө жана авто кайгуулда милиция күнү-түнү иштеп жатышат. Жалпы ИИМ боюнча күнү-түнү көзөмөлдү министрибиз Кашкар Джунушалиев өзү жүргүзүүдө. Ал эми ички иштер министиринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков өзгөчө абал киргизилген күндөн бери Ош жана Жалал-Абад областарында коомдук тартипти сактоо багытында комплекстүү иш-чараларды көзөмөлдөп келет. Ал эч кандай карантинге жаткан жок. Бул карандай калп. Чындык сайты калпты жазды.

Сүйүн Өмүрзаков Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорундагы жана Жалал-Абад шаарындагы өзгөчө абал кирген аймактарда жана өзгөчө кырдаал кирген башка аймактарда милициянын ишмердүүлүгүн күчөтүү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен көйгөйлүү маселелерди чечүү, кызматкерлерге камкордук көрүү жана областтарда түзүлгөн штабдар биргеликте иш жүргүзүп келүүдө.

Бүгүн 2020-жылдын 7-апрелинде Сүйүн Өмүрзаков менен байланышып, анын кайда экендигин жана учурда кайсыл райондо кандай ишмердүүлүк жүргүзүп жаткандыгын өзүнөн тактадык:

“Мен, Сүйүн Өмүрзаков өзгөчө абал киргизилгенден бери бери өлкөнүн түштүк аймагында коомдук тартиптин бекем сакталышы боюнча жергиликтүү милиция кызматтары менен бир катар комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. Эч кандай карантин жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Эч кандай карантинге жаткан жокмун. Ал карандай калп. Учурда Жалал-Абад областынын Таш Көмүр шаардык милициянын, Ала-Бука районунда жергиликтүү милиция кызматкерлери менен жолугуп, алардын ал абалы менен таанышып, аларга жана алардын үй бүлөлөрүнө жардам бурүүнү уюштуруп, санитардык-карантиндик посттордо жана обсервациялык пункттарда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине медициналык тиешелүү керектүү жабдыктар жана коргонуучу костюмдарды ала барып камсыз кылдым.

Андан сырткары Ала-Бука районунун мамлекеттик органдарынын, администрациянын, жергиликтүү бийлик органдары менен кен байлыктарды иштетип жаткан ишканалардын ишин үзгүлтүккө учуратпоо багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аны чечүүнүн үстүндө иштеп жатамын.

Кечээ Республикалык штабда айтылды го Ала-Бука районунда вахтовый метод менен иштегендер ишине баралбай калышты, өндүрүш токтобош керек деген,- деп билдирди Сүйүн Өмүрзаков.

Тактап кошумчалай кете турган нерсе ИИМде эч кандай интрига жок. Эч ким интрига менен алектенген жок.. ИИМ күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Жалпы өлкө боюнча коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун бетин ачуу жана эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү багытында комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп келет. Абал туруктуу. Кылмыштуулуктун саны республика боюнча 40 пайызга чейин кыскарды. Уурулук, алдамчылык, майда бейбаштык, бейбаштык, зордуктоо, укук коргоо органдарын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, жасалма документтер менен жүрүү жана айрым учурларда жол кырсыктары да катталган учурлар бар. Бардык фактылар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Abal.kg