ИИМ: Сыймык Жапыкеевдин билдирүүлөрү жана чакырыктары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигине Жогорку Кеңештин депутаты К.Жумалиев кайрылып, соцтүйүндөрдө өзүн мурдагы прокуратура кызматкери деп атаган С.Жапыкеев деген жаранга мыйзам чегинде чара көрүү тууралуу кайрылган.

Анда С.Жапыкеев К.Жумалиевге карата жалган маалыматтарды таратып, анын үй бүлөсүнүн миллиондогон байлыктары мыйзамдарды бузуу менен топтолгонун жана ошондой эле анын байлыгы менен мүлкүн тартып алууга жасаган чакырыктары менен анын ден соолугуна жана үй бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткандыгын көрсөткөн.

Аталган арыз 2020-жылдын 7-майында ИИМдин кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүгү (жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен катталып сотко чейинки өндүрүш башталгандыгын белгилейбиз.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө  С.Жапыкеевдин соцтүйүндөрдөгү маалыматтары, видео кайрылуулары толугу менен иликтенип чыкты. Иликтөөлөр көрсөткөңдөй С.Жапыкеев К.Жумалиевди ири коррупционер экендигин, ал көптөгөн жылдар бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп миллиондогон долларды чапчыган мамлекеттик байлыктарды менчиктеп же уурдап алгандыгын айткан. Ошол эле убакта элдерге чакырык таштап К.Жумалиевдин үйүнө барууну жана мыйзамсыз тапкан байлыктарын кайтарып алууну жана аны Кыргыз Республикасынын Кытай мамлекетинин алдындагы карызды төлөп койолу деген чакырык таштаган. Тергөөнүн жүрүшүндө С.Жапыкеевдин  акыркы убактагы бардык сүйлөгөн сөздөрүнө лингвистикалык экспертизалар дайындалды.

Учурда аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы