ИИМ коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө (фото)

ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы ИИОнун кызматкерлери менен  биргеликте коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде жана мамлекетибизде коронавирус илдетинин жайылуу коркунучун  алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын 714 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы ички иштер органдарынын  кызматкерлери менен  биргеликте Бишкек шаарында зарыл болгон чараларды көрүп, кызмат өтөшүүдө. 

Бүгүнкү күндө ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын 714 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы жарандар менен мыйзамдуулукту, коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоо, ошондой эле өзгөчө кырдаалдын шарттарын бузбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп келишүүдө.

Эскертүү ирээтинде: Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички Коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы Кыргыз Республикасында киргизилген Өзгөчө абал жана Өзгөчө кырдаал киргизилген учурларда ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте Жалал-Абад областынын Сузак районунда, Ош областынын Кара-Суу, Ноокат жана Өзгөн райондорундагы санитардык-карантиндик посттордо күнү-түнү кызмат өтөшүп келишти.

ИИМдин ИКАКнын Басма сөз кызматы