Жаныш Кулмамбетов: Жаңы доордо советтик идеологиянын принциптерин улантуу – маңкуртчулук

Жакында белгилүү драматург, театр иликтөөчү жана режиссер, окутуучу, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, культурология кандидаты (PhD) Жаныш Кулмамбетовдун “Кыргыз театрынын тарыхы” деген көлөмдүү монографиясы жарык көрдү. Бул фундаменталдуу эмгек туурасында авторго бир нече суроо менен кайрылдык.

-Жаныш Осмонович, “Кыргыз театрынын тарыхы” деген китебиңиз жарыкка чыгыптыр. Кут болсун!

-Рахмат!

-Буга чейинки кыргыз театрынын тарыхы тууралуу жазылган эмгектерди толуктаган олутттуу иш болгон экен.

-Тилекке каршы, “буга чейинки кыргыз театрынын тарыхы” дээрлик жазылган эмес. 1953-жылы гана орус-совет театр иликтөөчүсү Николай Львов “Киргизский театр. Очерк истории” деген китеп жазган. Ал китепте кыргыз жергесинде 1926-жылы уюшулган европалык үлгүдөгү музыкалуу-драмалык студиянын таржымалынан тартып, 1952-жылга чейинки европалык типтеги улуттук сахна искусствосунун басып өткөн жолу камтылган. Андан кийин кыргыз театр иликтөөчүсү Бекмырза Жумабаев “Жизнь на сцене” деген монографиясын чыгарып, ал тарыхты 1967-жылга чейин узарткан. Андан бери кыргыз театрынын тарыхын иликтеген эмгектер дээрлик болгон эмес. 2017-жылы гана менин “Кыргыз театры” деген көлөмдүү монографиям жарык көргөн. Ал эмгек маданият министрлигинин заказы менен жаралган. Учурдан пайдаланып, ошол кездеги маданият министри Алтынбек Максүтовго, андан кийин ушул китептин андан аркы тагдырын чечүүгө катышкан кийинки министр Түгөлбай Казаковго чын ниетимден ыраазычылыгымды билдирип коеюн.

Кыргыз театры.

Ал эми “Кыргыз театрынын тарыхы” ошол “Кыргыз театры” монографиясынын негизинде иштелген жогорку окуу жайлары үчүн окуу куралы. Бул китептин чыгып калуусуна шыкакчы болуп, моралдык колдоо көрсөткөн атактуу драматургубуз Бексултан Жакиевге да терең ыраазычылыгымды билдирем.  

-Китебиңизге көз жүгүртүп карап чыгып, менде айрым бир суроолор пайда болду. Мисалы, биз дайыма эле окуп да, угуп да келатабыз,  кыргыз элинде совет дооруна чейин профессионалдуу театр болгон эмес деп. А сиз жазып жатасыз, кыргызда кылымдан бери келаткан эпикалык театры бар деп.  

-Дүйнөлүк театрдын тарыхын европалык типтеги аристотелдик искусство менен гана чектөөгө болбойт. Аристотелдик европалык типтеги сахна  өнөрү, адамзаттын чекесине бүткөн жападан жалгыз искусство эмес.  Дүйнөдө канча калк болсо, анын ар биринде театрдын тигил же бул модели өкүм сүрөт. Планетадагы ар бир калкка жараша, маданияттын да ар кылдуулугу сыңары эле, театр өнөрү да көп түрдүү, көп моделдүү көрүнүш болуп саналат. Каалайбызбы, каалабайбызбы, муну моюнга алууга туура келет. Ошол эле аристотелдик мимесис моделиндеги театр, байыркы аэддерден, рапсоддордон калган диегесис моделиндеги эпикалык театрдан келип чыккан. А кыргыздар ошол байыркы диегесис моделиндеги театрды бүгүнкү күнгө чейин толук сактап келе жаткан эл. Ал эми 1926-жылга чейин кыргызда театр болгон эмес деген түшүнүк  – советтик идеологиянын клишеси. Бул көз караштан чечкиндүү түрдө баш тартышыбыз керек. Жаңы доордо советтик идеологиянын  принциптерин улантуу – маңкуртчулук болуп саналат. Ал эми, 1926-жылы кыргыз жергесиндеги уюшулган европалык үлгүдөгү театр, тоолук калктын  маданияттан артта калуучулугун жоюу максатында болгон деген мифке ишеништин кенедей да кажети жок.1926-жылы бизде уюшулган европалык типтеги театр – Кыргызстанда совет бийлигин орнотуу үчүн агитациялык, пропагандалык куралдын милдетин аткарган. Биринчи кезекте, мына ушундай мизантропиялык  максатты көздөгөн.

-Анда биз муну кыргыздын театрынын тарыхына карата жаңы көз караш деп айтышыбыз керекпи? Андай болсо кыргыздын театры эле эмес, совет доорунун адабиятына, жалпы искусствосуна да жаңыча көз караш керек да?

-Ооба, жаңы көз караш сөзсүз керек. Биз гуманитардык чөйрөдө советтик баалуулуктардан жалпы адамзаттык баалуулуктарга эчак эле өтүүгө тийиш болчубуз. Тилекке каршы, ушул кезге чейин Кыргызстанда тоталитардык доорго карата принципиалдуу баа бериле элек. Алигиче гуманитардык эклектиканын кучагындабыз. Гуманитардык чөйрөдөгү окуу куралдарыбыздын баарында тоталитардык доордун идеологиялык деми турат. Биз бүгүн, болочок муунда гана эмес, жеке өзүбүздүн да аң-сезимибизде  жалпы адамзаттык либералдуу баалулуктарды активдүү калыптандырдуу жолуна түшүшүбүз зарыл.  

-“Кыргыз театры” деген монографияңыздын ичиндеги “Кыргыздын эпикалык театры” деген бөлүмү сиздин илимий ишиңиздин негизинде жазылса керек?

-Ооба, кандай гана тема болбосун илимий жактан негизделиши керек да. Анын сыңары эле кыргыз театрынын тарыхы тууралуу эмгегим, биринчи кезекте илимий жагынан негизделген иш.  

-Жаныш, Осмонович, анда сиздин кезектеги илимий ишиңиздин темасы да кыргыз театрынын тарыхына байланыштуу болот турбайбы?

-Ооба. Бул менин адистигим.Бирок, кандай илимий иш болбосун “жандоочу кийик аттырат” дегендей, илимий консультант, кеңешчи болот. Ошондой илимий консультантым Мукасов Ысманаалы – Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент- мүчөсү. А илимий иш философия жана социалдык илимдер институнунун базасында иштелип жатат.

-Кызыктуу маегиңиге рахмат. Жаңы эмгегиңиз кут болсун.

-Рахмат!   

 Маектешкен Зарина Мырзакул кызы, Abal.kg.