Милициянын кайгуул кызматы: Автоунааны сатып алганда дароо каттатып алуу керектигин сунуштайт

Милициянын кайгуул кызматкерлери жарандарга автоунааны сатып алган учурда, ошол замат өзүнө каттатып же сатып жаткан учурда сатып алган жаранга толук кандуу өткөрүп берүүнү сунуштайт

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгына жарандардан мурдагы сатып жиберген автоунааларын жөн кана келишимдин негизинде саткандыктан азыркы күндө автоунаанын документтеги  мыйзамдуу ээси болуп калып кетип, бүгүнкү күндөгү сатып алган жарандар тарабынан жасалган жол кыймылынын коопсуздук эрежесин бузгандыгы тууралуу факт, коопсуздук шаар долбоорунун негизинде аныкталып, бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде  тиешелүү айып пул салынып, ал токтомду камтыган кат мурдагы саткан жарандын дарегине келип түшүүдө.

Мына ушундай  кайрылуулар менен Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгына 2020- жылдын 6 ай ичинде жарандар тарабынан мурдагы сатып жиберген авто унаасынын азыркы айдоочусун таап берүү же авто унааны “камакка коюу” тууралуу 1010 арыз түшүп, алардын ичинен 215 авто унаанын айдоочулары Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү тарабынан табылып, арыз ээлери менен жолугуштурулган. Калган авто унааларды издеп  табуу боюнча издөө иштери уланууда.

Жогорудагы жарандардан келиш түшкөн арыздарды эске алып, Милициянын кайгуул кызматы жарандарга кайрылат. Эгерде авто унааны сатып жаткан жаран ошол учурда сатып алган жарандын өзүнө толук кандуу өткөрүп, же ошол жарандын дарегине каттатып бербесе кийин, кийин сатып алган жарандын коопсуз шаар долбоорунун негизинде  аныкталган жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы тууралуу иштелип чыккан айып пул, ошол  учурда толук кандуу өткөрүп бербей, авто унаанын  мыйзамдуу ээси болуп калып кеткендиктен ошол жарандын дарегине келип түшөт. Милициянын кайгуул кызматкерлери автоунаанын артынан келип токтотуп, электрондук планшет менен автоунаанын убагынан өтүп кеткен айып пулун текшерип, факт аныкталса айып короого токтотуп жаткандыгы да ошондон.

Андыктан жарандарды автоунааны сатып жаткан учурда толук кандуу сатып алган жаранга өткөрүп берүүнү сунуштайт.

Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматы