Коом

Россиядан Кыргызстанга аскер дарыгерлери келди

Коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Россиядан Кыргызстанга аскер медициналык кызматкерлер келди.

Медициналык кызматкерлерди Россиянын Коргоо министрлигинин атайын учагы «Кант» авиабазасына жеткирген. Атайын учак менен керектүү жабдыктар жана дары-дармектер да келген.

20 кишиден турган медициналык топ кыргызстандык аскер дарыгерлер менен бирге аскер кызматкерлерине, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана аскер ардагерлерине кеңеш жана практикалык түрдө жардам көрсөтөт.

Россиялык адистер өлкөнүн эки шаарынын госпиталдарында иштешет: төрт топ Бишкекте, эки топ Ош шаарында.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button