Турсунбай Бакир уулуна, кичи балдарынын энесине уят сөздөрдү жазып, өлтүрөбүз деп коркутушуп…

Эки күндөн бери Турсунбай Бакир уулу сабалды деген маалымат интернетке тарап жаткан. Бул боюнча ажы өзү төмөндө минтип жазды.

«Кечээ күндөн бери «Ажы аке, амансызбы?! Жаман кабар уктук…» деген телефон чалуулар Кыргызстандын жана дүйнөнүн ар бурчунан болуп жатат. Жөнөтүлгөн шилтемеге кирсем – «Адахан Мадумаровдун жигиттери Турсунбай Бакир уулуну сабап кетишти» деп журналисттер сарсана болуп жазышыптыр.
Мен Адахан инимдин жубайын тааныймын – ыраматылык байбичем менен дос эле, тунгуч Акыйкатчы (Омбудсмен) болуп иштеп жүргөнүмдө колумда иштеген болчу. Бирок Адахандын жигиттерин тааныбайт экенмин.
Эч ким сабаган жок. Сабайбыз дешкенде да «Аллаху Акбар» деп кеминде ошол жигиттердин 3-4 өзүм менен алып кетип шейит кете берет элем. Өлүмдү көп көрдүм – анын ичинде Баткен согушун токтотуу, Кыргызстаныма кол салган ИДУнун можахеддерин жергебизден чыгарып салуу жана алардын туткунунан кыргыз менен жапондорду бошотуу үчүн Ооганстанда жана Тажикстанда «Талибан» жана ИДУ боевиктеринин колунан өлүүдөн Аллахым төрт жолу сактады. Мусулман катары өлүмгө даярмын. А мени сабайбыз дегендер өлүмдү бир жолу болсо да көрүштүбү?!
Кымбатту ага-инилер, эже-карындаштар жана уул-кыздарым, чындык үчүн күрөшүш өтө кыйын. Чындыкты сүйгөндөр аз. Ошондуктан көбүнчөсү бийликке жакпай 2008-2009- жана 2015-2020-жылдары жумушсуз калып жүрөмүн. Мен капа эмесмин, баары Аллахымдын буйругу менен болот да. Бул сыноолорду туура кабыл аламын. Бирок эч кимге укугумду жана көз карандысыз өлкөмдүн тарыхында тунгуч саясий партиясы болгон «ЭрК» («Эркин Кыргызстан») партиясынын (минюсттан расмий каттоодон 1991-жылы 4-октябрь күнү өткөн) укугун эч кимге тебелетпеймин! Канча жолу бийлик менен соттоштум, баарын утуп келгенмин.

Турсунбай Бакир уулу жума намаз учурунда.


Азыр болсо бизди өзү чакырып, партиябыздан талапкерлерди тизмесине кошуп, өзүнүн партиясынын 13-курултайында бизди ЖК депутаттыгына талапкер катары тизмеде делегаттардын добушу менен бекитип (84 макул, 1 каршы) курултай эртеси олигархтар жана коррупционерлер менен кабинетинде отуруп алып тизмени өзгөртүп, анан чындыкты бетине айткан мени жана ЭрКчилерди тизмеден жылдырып, анан БШК га тапшырып жаткан тизмеден алып салган «Бүтүн Кыргызстан» партиянын лидерине таң калып жатабыз.
Чындык жана мыйзамдуулук үчүн күрөшкөн мени агентке чыгарып, зомбилерине социалдык желелерде талатып (85%и фейк аккаунттар), бир гана өзүмө эмес, а кичи балдарымдын энесине уят сөздөрдү жазып, өлтүрөбүз деп коркутканы эмнеси?!
Кудайга шүгүр, бийликке СССР доорунан каршы болуп, азапты бир гана өзүм эмес, а ата-энем, бир туугандарым, балдарым, досторум, пикирлештерим, партиялаштарым тартып келүүдө. Баарына чыдаймын, анткени бул саясий жолду өзүм тандап алганмын. Бирок үй-бүлөөмө, туугандарыма жана пикирлештериме асылгандарга ким болбосун, мен туруштук бере аламын. Кам санабагыла!
Аллахым чындыкты жана чындык үчүн күрөшкөндөрдү сүйөт! А калптын казаны эч качан кайнабайт. Аллахым калпычыларды, убадасында турбагандарды, акаарат жана гыйбат кылгандарды тез эле жазалап жана алардын шермендесин чыгарып коёт!
Ушул болуп жаткан окуяларга карата видеокайрылуу жасадым, аны жүктөгөндө көрөсүңөр.
Ассаламу Алейкум уа РахматулЛахи уа Баракатуху!
PS. Калыс сөздөр да айтылып жатат. Ал бир туугандарыма терең ыраазымын, Аллахым да алардан ыраазы болсун жана эки дүйнөнүн жакшылыктарын ыйгарсын. Алардын бири Сапар Малдыбаев.

Турсунбай Бакир уулу кафеде.


Мени сабап кетти деген сөзгө ишенгендерге атайын жаңы сүрөттөрүмдү жүктөп койдум: бири – кечээги жума-намазда, экинчиси – бүгүн, кафеде кечки тамакта.
Баарыбызга Аллахым аманчылык, үй-бүлөөлүк бакыт жана сабырдуулук берсин, а кымбат мекенибизге тынчылык менен өсүп-өнүгүүнү насип этсин!», -деп жазды Турсунбай Бакир уулу.