Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 151 адам айыкса, кайра 71 киши вирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Бир сутка ичинде COVID-19дан сакайып чыккандар (пневмонияны эсепке алганда):
Бишкек — 92;
Ош шаары — 2;
Чүй облусу — 6;
Ош облусу — 8;
Талас облусу — 2;
Нарын облусу — 1;
Ысык-Көл облусу — 23;
Жалал-Абад облусу — 9;
Баткен облусу — 8.
Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган жаңы учурлар:
Бишкек — 15;
Ош — 1;
Чүй облусу — 4;
Ош облусу — 5;
Талас облусу — 4;
Ысык-Көл облусу — 8;
Жалал-Абад облусу — 15;
Баткен облусу — 19.
Өткөн суткада өлкөдө коронавирустан каза болгон учур катталган жок.
Жалпысынан COVID-19 жуктургандардын саны 44 684кө жетсе, анын ичинен 40 487 бейтап ооруну жеңди. Учурда стационарларда 532 адам дарыланып жатат. Ал эми 2 260 киши медициналык жардамды үйдөн алып жатканы кошумчаланды.
Өткөн суткада коронавирус бир медиктен табылган. Ошол эле учурда 19 медкызматкердин илдетти жеңип чыкканы маалым болду.