Коом

Чүй облусунун ички иштер органдарынын онлайн кеңешмесинде ыкчам-кызматтык ишмердикти жакшыртуу боюнча маселелер каралды


2020-жылдын 21-октябрь күнү Чүй облусунун ИИББнын борбордук аппаратынын кызматтарынын, бөлүмдөрүнүн, ошондой эле райондук-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда онлайн кеңешме болуп өттү.

Кеңешмеде Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан 2020-жылдын 9 айында аткарылган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүк боюнча жыйынтык чыгарылып, айрым кемчиликтерди жоюу боюнча талкуу болду.

Кеңешмеде Чүй облусунун ИИББнын жетекчили тарабынан коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулукту алдын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачуу, ошондой эле коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштерин бети ачуу жана сотко чейинки өндүрүш иштерин алдыга жылдыруу боюнча тапшырмалар коюлду.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, зарыл болгон ыкчам издөө иш-чараларын жогорку деңгээлде жүргүзүү үчүн тиешелүү кызматтардын жетекчилерине талаптар коюлду.
Ошондой эле кызматкерлердин ички тартиптерине көңүл буруу, коомдук жайларда алдын алуу жумуштарын жакшыруу маселелери каралды.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button