Садыр Жапаров президенттин ыйгарым укуктарын аткара баштады

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 16-октябрда «Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарууну кабыл алуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма соз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн жана 2020-жылдын 4-октябрында өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарын массалык түрдө одоно бузуулардын натыйжасында келип чыккан 2020-жылдын 5-6-октябрь күндөрүндө өлкөдө болгон элдик толкундоолорго байланыштуу, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы алардын натыйжаларын жараксыз деп тааныды. Элдин талабы боюнча ошол кездеги өкмөт кызматтан кетти жана Конституциясында белгиленген тартипте жаңы өкмөт түзүлдү. 2020-жылдын 15-октябрында президент Сооронбай Жээнбеков арызынын жана аны жалпы элге жарыялоонун негизинде кызматтан кетти. Жогорку Кеңеш төрагасы президентинин ыйгарым укуктарын аткара албагандыгына байланыштуу, президенттин ыйгарым укуктарын аткаруу премьер-министрге өттү.