Өткөн суткада Кыргызстанда 538 киши коронавирус жуктуруп, 414 бейтап дартты жеңди. Ошол эле учурда эки бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Жуктургандар:
- Бишкек – 139;
- Ош – 23;
- Чүй облусу – 40;
- Ош облусу – 52;
- Талас облусу – 25;
- Нарын облусу – 17;
- Ысык-Көл облусу – 31;
- Жалал-Абад облусу – 86;
- Баткен облусу – 125.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 57 276 адамга жетип, анын ичинде 48 637 бейтап ооруну жеңген.
Ал эми акыркы суткада коронавирустан каза тапкан эки адамдын бири Бишкекте, экинчиси Жалал-Абад облусунан катталды. Каза болгон учурлардын саны 1 138 болду.
Азыркы тапта ооруканаларда 3 479 бейтап, амбулатордук шартта 3 488 киши дарыланууда.