Коом

«Консенсус» кейс турнири жыйынтыкталды

24-25-октябрь күндөрү IDEA Борбордук Азия тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен уюштурулган «Консенсус» кейс-дебаттык онлайн турнири болуп өттү.

Бул иш-чара — Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын демилгелеринин бири. Ал чек ара көйгөйлөрүн чечүүдө жаштардын инновациялык чечимдерин коомчулуктун деңгээлинде колдоо, ошондой эле аймактык кызматташтыкты илгерилетүү максатын көздөйт.

Кейс-дебаттык турнир чек ара аймагындагы жаштардын биримдигин бекемдөөгө, алардын сынчыл ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өркүндөтүүчү аянтча түзүүгө жана консенсуска жетүү үчүн идеяларды сунуш кылууга түрткү болду.

Турнирге 20 команда, тагыраак айтканда, 60 улан-кыздар катышты. Алар негизинен Кыргызстандын чек ара аймактарынын тургундары. Эки жуманын ичинде катышуучулар сынчыл ой-жүгүртүү жана натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча интенсивдүү вебинарлардан өтүштү.

Бардык каалоочулар турнир учурунда командаларга жана алардын жетишкендиктерине https://ideaca.today сайтындагы турнирдик жадыбал (анда ар бир айлампаны көрүү үчүн шилтемелер болгон) аркылуу күбө болуп жатышты.

«Консенсус» демилгеси БУУнун Өнүктүрүү Программасы менен «Борбордук Азиядагы Эл аралык Дебат Ассоциациясы» (IDEA CA) коомдук фондунун биргелешкен “Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын ортосундагы достук мамилени жана кызматташтыкты илгерилетүү” долбоорунун алкагында БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылоосунда ишке ашырылды.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button