КТРК башкы директор кызматына ачык сынак жарыялады.Талаптар бар

“Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору кызматына ачык сынак өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобосуна, Байкоочу кеңештин 27.10.2020-ж. жыйынында бекитилген протоколго ылайык Коомдук телерадиоберүү корпорациянын Байкоочу кеңеши Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору кызматына (КТРК КР) ачык сынак  жарыялайт.

Кызмат  ордуна талапкерлерге төмөнкүдөй талаптар коюлат:

•          жогорку билим;

•          мамлекеттик тилди эркин билүү (расмий тилди, англис жана башка тилдерди билүүсү – артыкчылык);

•          5 жылдан кем эмес практика жүзүндө жетекчилик иш тажрыйбасы;

•          телевидение менен радионун иштөө принциптерин жана коомдук телерадиоберүүнүн өзгөчөлүктөрүн билүү жана түшүнүп-баамдоо.

Талапкер КТРКнын башкы директорунун кызмат ордуна шайланган учурда коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат ээлей албайт, ошондой эле саясий уюмдардагы мүчөлүгүн токтотушу керек.

Сынакка катышуучу талапкерлер КТРКнын  Байкоочу кеңешинин катчылыгына (дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,720010, Жаш Гвардия бульвары, 59;  тел.: 0 312 392404) 2020-жылдын 18-ноябрь күнү саат 17.00гө чейин төмөнкү документтерди  жабык конвертке салып, “КТРК КР Башкы директору кызматы сынагына” деген белги менен жөнөтүүсү керек:

 – Байкоочу кеңешинин төрагасынын атына арыз;

–  түстүү сүрөт менен өздүк таржымал;

–  өмүр баяны;

–  паспорттун көчүрмөсү;

– жогорку билими жөнүндө дипломдун же жогорку билимди же Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ага теңештирилген билимди алгандыгын тастыктаган мамлекеттик үлгүдөгү документтердин нотариалдык жактан же иштеген жеринин кадр кызматы тарабынан күбөлөндүргөн көчүрмөсү;

– нотариалдык жактан же иштеген жеринин кадр кызматы тарабынан күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

– каалаган учурларда сынактын  катышуучулары адистик билим жана / же адистигин жогорулаткандыгы, кошумча адистик билими жөнүндө, окумуштуулук даража ыйгарылгандыгы жөнүндө документтерин кошо  алышат;

– КТРКны өнүктүрүү боюнча ойлору (мамлекеттик жана расмий тилде; MS WORD форматында 3 барактан ашпаган, Times New Roman 12-өлчөмүндө арибинде, 1,15 аралык менен);

– КТРКнын башкы директорунун кызмат ордуна шайланган талапкер коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат ээлебей тургандыгы, ошондой эле саясий уюмдардагы мүчөлүгүн токтоткондугу жөнүндө кол койгон кепилдик каты.

Сынактын катышуучуларынын  арыздары жана тиешелүү документтери жарыяланган убакыттан кечиксе же жарыяланган талаптарга ылайык келбесе, анда алар кабыл алынбайт. Документацияга белгиленген талаптар бузулган учурда берилген документтер Байкоочу кеңеш тарабынан четке кагылат. Зарыл болгон учурда Байкоочу кеңеш кошумча маалыматты суроого акылуу. Сынакка алынган документтер кайтарылбайт.

Сынак төрт баскычта өткөрүлөт. Ар бир кийинки баскычка андан мурдагы баскычта коюлган талаптарга ылайык тандалып, өткөн гана талапкерлер чакырылат.

Кошумча маалыматты жана суроого жоопторду sovetotv@gmail.com электрондук дарек жана 0312 392404 телефону аркылуу ала аласыздар.