Коом

Коронавирус. Бишкекте жуктургандар көп аныкталып, Кыргызстанда 4 бейтап каза тапты

Акыркы суткада өлкөдө 495 кишиден коронавирус аныкталса, 527 бейтап дартты жеңген.  Ошол эле учурда төрт бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 150;
  • Ош шаары – 17;
  • Чүй облусу – 78;
  • Ош облусу – 52;
  • Талас облусу – 23;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 37;
  • Жалал-Абад облусу – 89
  • Баткен облусу – 44.

Жалпысынан алганда Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 60 774кө жетти. Ал эми айыккан бейтаптар 51 815ди түзөт.

Соңку суткада каза тапкан бейтаптардын үчөө Бишкекте жана бирөө Баткен облусунда дарыланып жаткан.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 1 163 киши каза тапты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button