ЖКККББы жер жердеги кызматкерлерге практикалык жардам көрсөтүшүүдө.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын адистештирилген ротасынын кызматкерлери бөлүмдөргө практикалык жардам бере баштады.

Оор кесепеттерге алып келген жол-транспорт кырсыктарын азайтуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине практикалык жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн адистештирилген ротасынын инспекторлору Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарына жөнөтүлдү. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын адистештирилген ротасынын беш экипажы эле 10-ноябрда Токтогул жана Кара-Көл шаарларында кыска мөөнөтө 67 одоно жол эрежесин бузгандыктарын аныкташты. Ошол эле учурда, Токтогул райондук ЖКККБ кызматкерлери болгону 19 жана Каракул шаарынын ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан болгону 8 жол эрежесин бузуулар аныкталган. Иш чаранын алкагында оор жол кырсыктарын алып келүүчү кууп өтүү жана маневр жасоо, каршы тилкеге чыгып кетүү жана ылдамдыкты бузуу эрежелерин басым жазалды. Кыска убакыттын ичинде 53 ар кандай одоно жол эрежелери менен бирге бир айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы аныкталды. Тиешелүү документтери жок унаа башкарган 13 айдоочу аныкталып,14 унаа унаа токтотуучу жайларга киргизилди.
Бул багыттагы иштер бир жума улантылат. Ушундай эле жардам жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан башка аймактарга дагы көрсөтүлөт.

КР ИИМдин ЖКККББы басма-сөз кызматы.