Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйыны өттү

20-ноябрда Бишкекте Баш мыйзамдын долбоору боюнча түзүлгөн Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйыны өттү. Ага кеңешмеге мүчө болгон сексенден ашык киши катышууда. Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев аталган кеңешмеге төрагалык кылууда. Ал алгачкы отурумуда кеңешменин иштөө тартиби, регламант жана башка чарбалык иштер боюнча эрежелерди айтып берүүдө. Ошондой эле кеңешмеде топ-топ болуп иштөөнү сунуштап жатат. Жыйында айрымдар башка Баш мыйзамдын долбоору бар экенин айтышты. Бөрүбашев бул кеңешме Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланган Баш мыйзамдын долбоору боюнча иштөөгө укуктуу экенин айтты.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 20-ноябрда конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Конституциянын долбоору коомдук талкууга чыгарылып жаткандыгына байланыштуу Мамытов кыргызстандыктарга кайрылып, Баш мыйзамдын долбоорунда бардык тараптардын пикирлери эске алынарын, документтин ар бир пункту коомчулукту тартуу менен караларын, бул үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөрүн айтты.

Ошону менен катар Мамытов кеңешме Конституциянын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келиш үчүн түзүлгөнүн билдирди.

Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар киргени маалым болду.