Кыргызстандыктар көбүнесе кайсы оорудан көз жумаары айтылды

Улуттук статистика комитети өткөн жылы кыргызстандыктар көбүнесе кайсы илдеттерден көз жумгандыгы тууралуу маалымат жарыялады.

Ага ылайык, адам өмүрүн эң көп алган илдеттердин сап башында жүрөк кан-тамыр оорулары турат. Жыл ичинде жалпы өлгөндөрдүн 51 пайызы анын курмандыгы болгон.

Экинчи орунда 12,4 пайыз менен онкологиялык илдеттер турса, үчүнчүдө капилет

кырсыктар (7,6 пайызы) турат. Бул топко жол кырсыгы, уулануу сыяктуу себептер кирет.

Андан кийинки орундарда тамак сиңирүү, дем алуу системаларынын оорулары жана жугуштуу илдеттер турат.

Мындан тышкары, Кыргызстанда жаш энелердин өлүмү азайбай жатканы айтылат. Тагыраагы, былтыр кош бойлуу кезинде, төрөт учурунда же төрөттөн кийинки мезгилдерде күчөп кеткен оорулардан 43 келин каза тапкан.