Коронавирус. Жуктургандар көбөйүп, дагы алты бейтап каза тапты, 109 бейтаптын абалы оор

Өткөн суткада коронавирус 423 кишиден табылып, 461 бейтап ооруну жеңди. ОШол эле учурда дагы алты бейтап акка моюн сунду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. 

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 130;
  • Ош шаары – 16;
  • Чүй облусу – 102;
  • Ош облусу – 35;
  • Талас облусу – 17;
  • Нарын облусу – 11;
  • Ысык-Көл облусу – 33;
  • Жалал-Абад облусу – 50;
  • Баткен облусу – 29.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 71 971 болду. Анын ичинен 63 407 бейтап айыккан.

Акыркы суткада каза болгондордун үчөө Бишкек шаарынан жана Ош облусунан бирөө, Чүй облусунан бирөө, Нарын облусунан бирөө болгон. Ошону менен көз жумгандардын жалпы саны 1 262ге жетти.

Азыркы тапта ооруканада 2 869 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 109 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

Ооруканада жаткандар:

  • 52 — канааттандырарлык абалда;
  • 1958 — орто оор;
  • 750 — оор;
  • 109 — өтө оор абалда.

Ал эми 3 262 бейтаптын медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатканы маалым болду.