Коом

COVID акыркы суткада бир бейтаптын өмүрүн алып, 92 адамга жукту

Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 92 адамдан табылып, андан сырткары, Бишкектеги ооруканада дарыланып жаткан бир бейтап каза тапты. Бул туурасында Республикалык штабдан маалымдашты.

Ал эми 177 адам оору менен алышып, COVID-19 инфекциясынан айыгып кетти. Учурда дарыгерлер карап жаткан бейтаптардын ичинен 44 адамдын абалы өтө оор экени маалым болду.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек – 51;
Ош — 9;
Чүй облусу – 10;
Ош облусу — 5;
Талас облусу — 0;
Нарын облусу — 3;
Ысык-Көл облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 10;
Баткен облусу — 1.
Кыргызстанда коронавирус катталгандан бери жалпысынан 82 587 адамга жуккандыгы айтылды.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

Бишкек – 51;
Ош шаары – 7;
Чүй облусу – 53;
Ош облусу – 10;
Талас облусу – 4;
Нарын облусу – 8;
Ысык-Көл облусу – 26;
Жалал-Абад облусу – 8;
Баткен облусу – 10.
Республикалык штаб COVID-19дан айыгып кеткендердин жалпы саны 78 358 деп билдирди.

Стационарда учурда 810 бейтап дарыланууда:

11 адам – канааттандырарлык абалда;
514 – орточо оор;
241 – оор абалда;
44 – өтө оор абалда.
Амбулатордук дарыланууда 1 113 бейтап бар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button